200дөй аба шарына байланган таштанды жана кык. Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга жөнөткөн «белеги»

Кечээ, 28-майда Түндүк Корея Түштүк Корея менен болгон чек ара аркылуу 200дөй аба шаарына байланган таштанды жана кыкты учурду. Шарлар өлкө ичиндеги аймактарга түшкөн.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү мүшөктөрдүн баары чогултулуп жатканын жана кылдат текшерилерин билдиришти.

Буга чейин Түндүк Корея коңшусу режимге каршы үгүт баракчаларын жайылтып жатканына жооп берерин жар салышкан болчу.