Pantone 2024-жылдын башкы түсүн Peach Fuzz деп жарыялады. Бул өң шабдаалынын түсү.
Pantone Түс институтунун вице-президенти Лори Пресман белгилегендей, эксперттер 2024-жылга өз тандоолорун жасашканда, толук жашоонун эң маанилүү бөлүгү ден соолук, чыдамкайлык жана андан ырахат алуу экенин эске алышкан.