2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын символу

Парижде 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети мелдештин расмий символун ачты. Тумар катары республикалык Франциянын символу болгон оюнчук түрүндөгү фригия баш кийими тандалган.

Алар «фригдер» деген атка ээ болгон. Паралимпиадалык символдо бир буттун ордуна протез коюлган.

33-Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өткөрүлөт.