2025-жылы космосто мейманкана ачылышы мүмкүн (сүрөттөр)

2025-жылы космосто күн системасын көрүүгө мүмкүн болгон мейманкана пайда болот. Бул тууралуу дүйнөлүк маалым каражаттар жазып чыкты. 

Алгач Калифорниядагы The Gateway Foundation тарабынан ачылган футуристтик концепция лифт шахталары аркылуу туташтырылган бир нече модулдардан турат, алар Жерди айланып турган дөңгөлөктү түзөт.

Долбоор учурда космостук курулуш компаниясынын көзөмөлүндө. Компания туристтерди кабыл ала турган бир эмес, эки космос станциясын учурууну максат кылууда: 400 кишилик Voyager станциясы 2027-жылы ачылат, ал эми Pioneerдин жаңы 28 кишилик концептуалдык станциясы үч жылдын ичинде ишке кириши мүмкүн. «Адамдар космосту азыркыга караганда кененирээк, эң негизгиси тезирээк изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат»,- дейт компаниянын башкы директору.