2030-жылга чейин дүйнөнүн алты шаары суу алдында калышы мүмкүн

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу он жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча кеминде алты шаар жарым-жартылай же толугу менен суу астында калышы мүмкүн. Бул тууралуу The India Times жазып чыкты.

Басылма климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын маалыматынын негизинде карта форматында өзүнүн болжолун түзгөн Climate Central коммерциялык эмес уюмунун баалоосуна шилтеме кылат. Адистердин айтымында, Амстердам деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам суу астында калууга эң чоң коркунуч жаралган шаар болуп эсептелет. 

Тизменин кийинки сабын Ирактын Шатт эль-Араб дарыясынын боюнда жайгашкан Басра шаары ээледи. The India Times жазгандай, шаарды саздак жерлер курчап турат. Жаңы Орлеан да дамба системасына карабастан, суу астында калуу коркунучу бар. Венеция төртүнчү орунда. Италиянын бул шаарында жердин деңгээли жыл сайын 2 миллиметрге төмөндөй турганы белгиленет. Андан кийин Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан Хошимин шаары келет. Божомолдор боюнча, Меконг дарыясынын жакын жайгашкандыгына байланыштуу шаардын чыгыш бөлүгүн суу каптоосу мүмкүн. Индиянын Калькутта шаары тизмени жабат.