22 жаштагы студент кыз «Америка сулуусу» аталды

Оберн университетинин медицина факультетинин 22 жаштагы студенти, алабамалык Эбби Стокард «Америка сулуусу — 2025» сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу CNN жазды.

Сынак Флорида штатынын Орландо шаарында өттү. Ага Американын 52 штатынан жана Колумбия округунан өкүлдөр катышты.

«Америка сулуусу — 2024» сынагынын жеңүүчүсү АКШ армиясынын офицери Алма Купер болгон.