23 жашар кыз 56 жаштагы мырза менен таанышып, дароо жомоктогудай хан сарайына көчүп барган (фото)

Улуу Британиялык 23 жаштагы кыз өзүнөн 33 жаш улуу мырзаны «чаап» 11 уктоочу бөлмөсү бар жомоктогудай хан сарайга көчүп келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аллана Люк аттуу кыз 56 жаштагы Жефф Виннди таанышуу тиркемеси аркылуу тапкан. Алгач Аллана жашыраак мырзаларды издеген. Арасынан бычакка сап болчу жигит чыкпагандыктан анкетасын 25-56 жашка чейинки курактагы мырзаларды издейм деп өзгөрткөн. Эртеси Винн аттуу мырза таанышуу сунушун киргизип, алгачкы жолугушууда эле экөө бири-бири үчүн жаралганын түшүнүшкөн. Бир жума болбой Аллана жөнөкөй үйүнөн жомоктогудай хан сарайга көчүп келген. «Биз дароо тил табыштык. Бир жумадан кийин мен анын хан сарайына көчүп бардым. Жадакалса, экөөбүздүн ортобуздагы 33 жыл мага байкалган жок. Винндин балдары мени байлыгы үчүн келди деп ойлошот. Чынында андай эмес, бизди сүйүү кошту», — дейт Аллана.