«24 адам качып кеткен». Мексикадагы түрмөдө башаламандык чыгып, 14 киши каза болду

Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында түрмөгө кол салуу болуп, 14 киши каза болуп, 24 жаран качып кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Чиуауа штатынын Сьюдад-Хуарес шаарындагы Социалдык реадаптация борборунда тополоң чыккан. Штаттын прокуратурасы куралдуу топ бир нече абактагы жаранды куткаруу үчүн имаратка кирип, 14 киши каза болгонун билдирди.

Чиуауа штатынын прокуратурасы 10 күзөтчү менен төрт жаранга ок менен кол салуу болгонун, 24 соттолгон жаран качып кеткенин билдирди.