24 жылга эркинен ажыратылган Куандык Бишимбаев эмне үчүн абакта иштебей эле?

Казакстандын 24 жылга эркинен ажыратылган мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев колонияда жумушка орношо элек. Бул тууралуу Жазык-аткаруу комитети билдиргенин Tengrinews.kz жазды.

«Бош орундардын жоктугуна байланыштуу соттолгон адамдын күнүмдүк иш тартиби Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин ички эрежелеринин жана колдонуудагы жаза аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталууда», — деп айтылат комитеттин маалыматында.