«24 саатта 19 миллиондон ашык катталуучу». Роналду Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Португалия курама командасынын жана Саудиянын «Аль-Наср» командасынын жылдыз чабуулчусу Криштиану Роналду кайрадан Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Tengri Sport жазды. 

39 жаштагы португалиялык футболчунун бул жетишкендиги футболго байланыштуу эмес. Бул жолу Криштиану блогер катары жаңы рекордду жаңылады. Ал YouTube платформасында катталуучулардын саны боюнча рекорд койду. Анын каналына алгачкы 24 саатта 19 729 827 катталуучу жазылган. Дал ушул жетишкендик Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Учурда футболчунун каналына 50 миллион киши катталган. Акыркы киргизилген видеосу 1 күндө 13 миллион жолу көрүлдү.