НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 25-февралга Украина боюнча онлайн саммит өткөрөрүн бышыктады. Бул тууралуу ал брифингде билдирди.
Ал ошондой эле НАТО өлкөлөрү альянстын коргонуу пландарын ишке ашырууну чечкенин айтты.
НАТОго 30 мамлекет кирет: Албания, АКШ, Бельгия, Болгария, Эстония, Испания, Нидерланддар, Хорватия, Исландия, Италия, Канада, Греция, Литва, Люксембург, Латвия, Норвегия, Польша, Португалия, Франция, Румыния, Германия, Түндүк Mакедония, Словакия, Словения, Улуу Британия, Дания, Чехия, Түркия, Венгрия, Черногория.