Чет өлкөдө жүрүп, үйүнө күтүүсүз келген казак кызы жакындарын ыйлатты (видео)

Tengri Life бул жолу 2,5 жыл чет өлкөдө окуп келип, жакындарына «сюрприз» болгон Дана Дуганбекованын окуясын айтып берди.

ТикТок колдонуучусу Дана Дуганбекова 250 миңден ашуун көрүүчү топтогон видео менен бөлүштү. 20 жаштагы кыз 2,5 жыл чет өлкөдө окугандан кийин сюрприз катары үйүнө кайтып келүүнү чечкен. Көптөн күткөн жолугушууну коштогон кубанычтын, эмоциянын көз жашы социалдык тармактын колдонуучуларын кошо ыйлатты. 

Кыз Прагадагы кызыктуу жашоосуна карабай, үй-бүлөсүн жана жакындарын абдан сагынганын айтты. Жаңы жыл түнү Дана үй-бүлөсүн көрүп, үйүндө убакыт өткөрүү үчүн 2 жумага учуп келүүнү чечкен.

Дананын айтымында, ал абдан заманбап жана түшүнүктүү үй-бүлөдө чоңойгон. Ата-энеси окууга узатып жатып, көп окуп, көп саякаттоого кеңеш беришкен. Дал ушул себептен улам Дана 2,5 жылдан бери үйүнө келе элек болгон.