«3 ай билбей жүрө берген». Грузиянын тургунунун ичинде операция учурунда кайчы калып калган

Грузиянын тургуну хирургдун катасынан үч ай бою курсагында кайчы менен жүргөнүн Tengrinews.kz жазды.

Окуя Тбилисиде болгон. Мардалеишвили атындагы медициналык борбордогу операциядан кийин кыз катуу ооруп жатканын айтып даттанган.

Эмне үчүн үч ай бою чыдап жүргөнү белгисиз, бирок анын ич көңдөйүнөн рентгенге түшкөндө операция болгон жерден хирургиялык кайчы табылган. Шашылыш операция учурунда кайчы алып салынган.