«3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган». Казакстандагы жүрөк үшүн алган окуя

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Башында кыз этиятсыздыктан түшүп кеткен делген, бирок бир айдан кийин ошол эле дааратканага дагы бир кыз түшүп кете жаздаган.

Аман калган кыз бул ишке 16 жаштагы кошунасын айыптаган. Полиция 3 жаштагы кыз дааратканага өзү түшүп кетпегенин, адам өлтүрүү болгонун аныктаган.

Ал эми 16 жаштагы кыз 1 ай мурун кызды өлтүргөнүн мойнуна алган. Шектүүнүн шизофрения менен жабыркаганы аныкталып, психиатриялык ооруканага жаткырылган.