Кытайдын Цзянси провинциясынын тургуну 3 кызынын тең аталары башка экенин билгенде 16 жыл жашаган жубайы менен ажырашууну чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
45 жаштагы Чэнь үй-бүлөсүн багуу үчүн күнү-түнү иштеп, жубайы менен телефон, видео аркылуу байланышып турган. Жылдын башынан жубайы анын чалууларына жооп бербей, сүйлөшүүдөн качып баштаган. Шектенген Чэнь жубайынын телефонундагы геолокациясы менен көзөмөл жүргүзүүгө өткөн. Чэнь жубайынын мейманканага барганында артынан барып, Юйду көңүлдөшү менен кармап алат. Алгач жубайынын көзүнө чөп салганын кечирем деп ойлогон. Бирок кичүү кызына жасаткан ДНК-тести атасы башка экенин көрсөткөндө шектенүүсү күчөгөн. Кийинчерээк эки кызынын ДНК-тести да терс чыккан. 3 кызы тең аталары башка болгонун билгенде Чэнь 16 жыл түтүн булаткан жубайы менен ажырашууну чечет.
Айыбы ачылган Юй журналисттерге берген интервьюсунда «Мен анын көзүнө чөп салдым деп эсептебейм. Биологиялык жактан ата болуу ушунчалык маанилүүбү? Балалуу боло албай жүргөндөр бала багып эле жатышпайбы. Бул кадимки эле көрүнүш» деп айткан.












