Кечээ, 19-августта Казакстандын Абай облусунун Үржар районундагы Бестерек айылында Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу балдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«Саат 16:00дөр чамасында Үржар районунун Бестерек айылында жол кырсыгы катталды. Унаа топ балдарды сүзүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, Тойота үлгүсүндөгү унаанын 55 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон 10 метр алыста, үйдүн дарбазасында турган жашы жете элек өспүрүмдөрдү сүзүп алган», — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетинен эки бала окуя болгон жерден, бирөө медициналык мекемеге бара жаткан жолдо каза болгону такталган. Дагы үч жашы жете элек бала жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Айдоочу кармалып, камакка алынган.








