30 жыл мурун тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү (сүрөт)

Теннесси штатында 30 жыл мурда тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу Би-Би-Си жарыялады.

Бул тоңдурулган эмбриондор «төрөлүүнү күткөн» тарыхтагы эң узак мезгил. Эмбриондор 1992-жылдын 22-апрелинен бери суюк азотто -128 градус температурада сакталып, жашоого жөндөмдүүлүгүн сактап калган. Эритилген эмбриондордон 31-октябрда эгиздер төрөлдү.

Эгиздер жарыкка келген Рижуэйлердин үй-бүлөсү мындайча айтканда, эмбриондорду асырап алган. Бул үй-бүлөдө жубайлардын 4 баласы бар жана алардын баары табигый жол менен төрөлгөн. «Эгиздерге Кудай жан бергенде мен болгону 5 жашта элем. Ошондон бери Кудай алардын жанын колдоп келди. Кандайдыр бир мааниде алар биздин улуу балдарыбыз, бирок эң кенжетайларыбыз болуп калат», — деп Филип Рижуэй журналисттерге айтып берген.