30 жылдан кийин «Макдональдс» Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту

Америкалык «Макдональдс» тез татым ресторандар түйүнү Орусиядан биротоло чыгып кетмей болду. Бул тууралуу корпорациядан маалымат таратышты.

«Макдональдс» корпорациясы Орусия рыногунда 30 жылдан ашык иш алпарган соң кетүүнү чечти», — деп жазылат маалыматта. Жана ал жактагы бизнести сатуу процесси тууралуу да кеп козголгон.

«Макдональдс» марттын башында Орусияда ишмердүүлүгүн токтотуп, Украинадагы согушка байланыштуу уюштуруу иштери, жеткирүү кыйынчылык туудуруп жатканын айтышкан. Анткен менен ал убактылуу чечим экендигин жана 62 миң кызматкерине эмгек акысын иштебегенине карабай төлөй берерин билдиришкен эле.