Көгүлтүр Ай көргүңүз келеби? 31-августта мүмкүнчүлүктү коё бербеңиз

Жайдын акыркы күнү Жердин жашоочуларына илимде «супер ай» деп аталган укмуштуудай кубулушту байкоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк жаралат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Бул кубулушта толгон Ай Жер планетасына жакындап, жер жарык боло түшөт. 31-августта адамдар асмандан бул жылдын эсебинен экинчи жолу диск сыяктуу жаркыраган нерсени көрө алышат. Биринчи «супер Ай» буга чейин 1-августта көрүнгөн. Бул сейрек кездешүүчу кубулушту коомчулукта «Көгүлтүр Ай» деп атап келишет.