3200 жыл мурун жашаган Египет фараонунун келбети кандай болгон? Окумуштуулардын изилдөөсү (видео)

Египеттин жана Улуу Британиянын адистери Байыркы Египеттин эң күчтүү фараондорунун бири Рамзес IIнин жүзүн реконструкциялашты. Бул тууралуу Russian Traveller жазып чыкты. 

3200 жыл мурун каза болгон башкаруучунун сырткы көрүнүшүн кайра жаратуу үчүн окумуштуулар компьютердик томографиянын жардамы менен анын баш сөөгүн анализдеп, бул маалыматтардын негизинде 3D моделин түзүшкөн. Андан кийин алар аны атайын технологиялардын жардамы менен жашартып, байыркы замандын көрүнүктүү башкаруучусу өмүрүнүн эң сонун мезгилинде кандай болорун көрсөтүшкөн.

Изилдөөчүлөрдүн негизги көйгөйү фараондун чачынын, көзүнүн жана терисинин түсү кандай болгондугу тууралуу маалыматтардын жоктугу болду. Окумуштуулар Рамзес IIнин бетинде бырыш же мең бар-жогун билишкен эмес.