«Өзүмдү жоготуп коё жаздадым». Якутияда -55 градус суукта чуркоо марафону өттү (видео)

Салттуу кышкы экстремалдык “Муздак Оймякон полюсу” марафону планетанын эң суук аймагында өттү. Жарыш биринчи жолу беш жыл мурун – 2019-жылы өткөн.

Бешинчи жолу өтүп жаткан чуркоо 12-январда Оймяконский улусунда башталган. Бүгүн таңкы саат 6да термометр минус 55 градусту көрсөткөн, бирок бул марафонго катышууга арыз берген Орусиянын алты аймагынан 38 адамды чочуткан эмес. 

Спортчулар эки дистанцияда: 21,1 чакырым (жарым марафон) жана 42,2 чакырым (марафон) жарышты. «33-чакырымдан кийин өзүмдү жоготуп коё жаздадым» дейт марафончулардын бири.