34 жаштагы Оливия Винсон турникке тартылуу боюнча рекорддун ээси болду. Бул тууралуу Tengri Sport жазды.
Маалыматка караганда, австралиялык аял 24 сааттын ичинде 7079 жолу тартылган. Бул жетишкендик Гиннесстин рекорддор китебине аялдын эң көп тартылуусу катары кирген.
Оливия Винсон мурунку рекордду дээрлик 2 эсеге жаңырткан. Буга чейинки рекордсмен польшалык Паула Горло болгон, ал 2021-жылы 4081 жолу тартыла алган.
Винсон өткөн жылы өзүнүн рекордун орнотууну каалаган. Ал үч ай машыгуудан өтүп, 2024-жылдын сентябрында биринчи аракетин жасаган. Бирок ал тарамышын жана булчуңун жабыркатып алгандыктан калыбына келүү үчүн тыныгуу алууга аргасыз болгон. Эки айлык реабилитациядан жана дагы бир нече айга созулган катуу машыгуудан кийин австралиялык акыры ийгиликке жетти.











