Түркиялык жарандын ашказанынан 233 предмет табылган

Түркияда операция учурунда 35 жаштагы жарандын ашказанынан мык, таш, айнектин сыныктары баш болгон ар кандай предметтерди алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ичи ооруп ооруканага түшкөн 35 жаштагы жаранга УЗИ, эндоскопия, рентген жасатышканда ашказанында 233 предмет бар экендигин аныкталган. Тагыраагы, батарейка, магнит, мык, айнектин сыныгы, таш жана башка нерселер. Хирургдар жаранга операция жасап, ашказанын тазалашкан. Операция жасаган хирург адатта балдарда ушундай абал болорун, ал эми чоң адамдарда психикалык жактан жабыркаса же кылмышкер болсо жутуп аларын айткан.

Тамакка ылайыкталбаган нерселерди жеген учур аллотриофагия деп аталат. Ал организмге темир жетишпегендерде кезигет. Кош бойлуу аял же балдар тамакка жарабаган нерселердин даамын татыгысы келе берет. Ошондой эле психологиялык жактан жабыркагандар же аутизм менен ооругандар да аллотриофагия менен жабыркашы мүмкүн.