4 жашар кыз Эверестти багындырып, дүйнөлүк рекордду жаңылады

Чехиялык Зара аттуу 4 жаштагы кыз Эверестти багындырып, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Эң бийик тоого экспедицияда аны атасы жана 7 жаштагы агасы коштоп жүргөн. Саякат учурунда кичинекей кыз жөө 270 чакырымды басып өтүп, -25°С суукка туруштук берген. Кыздын атасы Дэвид Сифранын CNN телеканалына берген маегине караганда, үй-бүлө алгач Йеменге велосипед менен барууну пландашкан, бирок Жакынкы Чыгышта жаңжал чыккандан кийин алар планын өзгөртүп, Гималайды тандап алышкан. Анын айтымында, Зара 7 айга чейин Исландия менен Аляскага барса да, буга чейин кышында узак жолго чыга элек болчу.

«Чокуга чыгууда эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Кичинекей Зара өзүнүн абдан жакшы физикалык формасынын аркасында башка жүздөгөн катышуучуларынын дээрлик баарын кууп өттү», — деди кыздын атасы.