4 жаштагы Ислам интернетти өзүнүн жөндөмдүүлүгү менен «жарып» жатат

Түркстан облусуна караштуу Шардара районунун Егизкум айылынын төрт жаштагы Ислам Көпбай аттуу тургуну математикалык жөндөмү менен социалдык тармактын колдонуучуларынын суктануусун жаратты.

24.kz телеканалы таланттуу бала тууралуу сюжет жарыялады. Математиканын жаш генийи айылдаштары атагандай, али мектепке барбайт, бирок эки орундуу, жада калса үч орундуу сандарды бат эле кошот. Көбөйтүүнүн таблицасын да толук жаттап алган. Апасынын айтымында, Ислам дайыма сандарга кызыгып келген. Бирок аны эч ким атайын үйрөткөн эмес. Балага мектеп окуучусу катары эже-сиңдилеринин жанына отурушу жетиштүү болгон.