«4 саат тарттым». Орусиялык спортчунун “Уэнсдэй” сериалындагы бийди суу астында бийлеген видеосу

Белгилүү орусиялык синхрондук сууда сүзүүчү жана спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпиону Кристина Макушенко “Уэнсдэй” сериалындагы бийди суу астында бийлеп, видео менен бөлүштү.

Спортчунун айтымында, бул видеону тартууга төрт саат убакыт кеткен. «Көйнөк менен сууда бийлеш кыйын болду. Мындан тышкары, менин бассейним январдын ортосуна чейин жабык болуп, башка вариант издөөгө туура келди», — деп жазды ал. 

Бул видеону жарым миллиондон ашык адам көрдү. Ал эми бул бий ТикТок социалдык тармагында учурда өтө популярдуу болуп жатат.