«42 адам ооруканада». Стамбулдагы жардырууну жасоого шектелген жаран кармалды

Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндө теракт жасоого шектелген адам кармалганын мамлекеттик Anadolu маалымат агенттигинен билдиришти.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу жарылууга себеп болгон бомбаны таштап кеткен киши полиция тарабынан камакка алынганын айтты. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай бул окуя террордук акт катары караларын билдирди. «Биз муну теракт деп эсептейбиз. Кол салган адам аял киши болушу мүмкүн», — деди ал.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жардыруудан жабыркаган 81 адамдын 42си ооруканада экенин билдирди. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча 6 адам каза болгон.