Ар бирибиз жашообузда жок дегенде бир жолу «такыр уктабай канча убакыт жүрө алабыз?» деп ойлонуп көрсөк керек. Блогер Жо Фазер муну билүүнү чечкен.
Ал YouTube каналына өзүнүн экспериментинин жүрүшүн түз эфирде көрсөттү. Жо өзүнүн экспериментин аны кайталоого аракет кылбоону сурануу менен баштаган.
Эксперимент кандай өттү?
- Жигит алгачкы 18 саат бою өзүн жакшы кармады, бирок кечки саат 10го чейин Жо чарчай баштаганын айтты.
- 24 сааттан кийин Жо биринчи жолу кофеин ичкен. Кофе ага күч бергени анык.
- Уйкусуз 29 сааттан кийин ал денесин бир аз калыбына келтирүү үчүн чарчоону муздак душ менен басууну чечти.
-
Ошондон кийин жигит дароо спорт залга барды.
-
Ал эми 30 сааттан кийин, ал бул этапта таптакыр чарчабаганын билдирди.
-
33 саатта Жо өзүн «жакшы» сезгенин айтты.
36 саатта ал экинчи кофесин ичти.
«Мен физикалык жактан мүмкүн болушунча карманууга аракет кылдым, бирок эсимди жоготуп куладым», — деди ал.
Жалпысынан Жо 42 саат 22 мүнөткө уктабай жүрө алган.