5-дубль… Орусиялык 58 жаштагы телеалпаруучу Гордон 20 жаштагы музыкантка баш кошту

Орусиялык телеалпаруучу, актёр Александр Гордон 20 жаштагы арфа черткен музыкантка баш кошту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Орусиялык Биринчи каналдагы «Мужское / Женское» ток-шоу берүүсүнүн алпаруучусу Александр Гордон 20 жаштагы музыкант София Каландадзеге баш кошуп, экөө жакшылыгын тар чөйрөдө белгилешти. Софиянын жакындары болочок күйөө баласынын жашын угуп, жакшы эле нес болушканын, кийинчерээк көнүшкөнүн билдиришкен. «Эң негизгиси, Соня бактылуу жашаса болду. Эгер ушул турмуш аны бактылуу кылса, биз колдоп гана беребиз. Сүйүү жаш-карыга карабайт тура», — деп билдиришкен алар.

Маалыматка ылайык, Гордон ага чейин 4 ирет расмий түрдө  үйлөнүп, жалпы 4 баласы бар. Алардын арасында 3-жубайы студент, 4-жубайы 20 жаштагы кыз болгон.