Галапагос аралдарында акула америкалык медайымга кол салып, бутун тиштеп алган. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.
Кол салуу АКШнын жараны, 42 жаштагы Делайя Ириарте Тынч океанда сууга түшүп жаткан учурда болгон. Натыйжада аял бутунан оор жаракат алып, көп кан жоготкон.
Дарыгер анын көп кан жоготконун, ага 5 операция жасалганын айтты. Дарыгерлердин айтымында, ал кайра баса алат, бирок анын айыгып кетишине дагы бир нече операция керек болот. Ал эми өзү аны акула тиштегенин ошол замат билбегенин айткан. «Мени толкун түрткөндөй болду. Бурулуп карасам, суу кан болуп калыптыр. Балким, мен бул учур бат болуп кеткени үчүн түшүнбөй калсам керек»,— деди ал.