5 жыл мурун Таиланддагы үңкүрдөн аман чыккан өспүрүм Британияда көз жумду

2018-жылы Таиландда суу каптаган үңкүрдөн куткарылган 12 жаш футболчунун бири Улуу Британияда каза болгонун Tengrinews.kz жазды. 

17 жаштагы Дуангпетч Дом Промтеп Лестерширдеги колледжинин футбол академиясында эс-учун жоготкон абалда өз бөлмөсүндө табылган. Өспүрүм дароо ооруканага жеткирилип, ал ошол жерден каза болгон. Өлүмдүн себеби айтыла элек.

Эске салсак, 2018-жылы Таиландда 12 жаш футболчу машыктыруучусу менен катуу жаандан улам суу ташкыны болуп, үңкүрдө калып калышкан. Алар суудан коргонуу максатында үңкүрдү аралап кетишкен. 10 күн алар жанындагы тамактарын бөлүшүп жеп жашашкан. Куткаруучулар алардын баарын аман табышкан.