53 жаштагы Женнифер Лопес сүрөттөрү менен күйөрмандарынын оозун ачырды (сүрөт)

Америкалык ырчы жана актриса 53 жаштагы Женнифер Лопес күйөрмандары менен жакынкы аралыкта тартылган сүрөттөрү менен бөлүштү. 

Инстаграм баракчасына жылдыз назик жана ошол эле учурда тайманбастык менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Америкалык жылдыз Intimissimi ич кийиминде сүрөткө түшүп, бренддин жарнамалык кампаниясынын жүзү болгон. 

Күйөрмандары сүрөттүн астына Лопеске көптөгөн комплименттерди калтырышкан: «Жаштыктын эликсириби?», «Ханыша», «Абдан сулуусуз», «Мен көргөн эң сулуу аял» деген пикирлерди калтырышууда.