Актриса Сальма Хайектин тор көйнөгү көпчүлүктүн көңүлүн бурду (видео)

Америкалык актриса Сальма Хайек тор көйнөк кийип чыгып, массалык маалымат каражаттарынын жана социалдык тармак колдонуучуларынын көңүлүн бурду. 

Кечээ, 26-январда Майамиде «Сыйкырдуу Майк: Акыркы бий» тасмасынын бет ачары болду. «56 жаштагы актриса иш-чарага жаркыраган экзотикалык гүлдөрү бар “жылаңач” көйнөктү тандап алган. Бул образ Сальма Хайектин фигурасын эң сонун баса белгилеген. Ошол эле учурда жарыяланган сүрөттөрдө актрисанын кара түстөгү ич кийимдер топтому бар экени көрүнүп турат», — деп айтылат маалыматта. 

Премьерадан тартылган кадрлар дароо социалдык тармакка тарап, кызуу талкууларды жаратты. Айрымдар актриса бул иш-чарада бардыгын көлөкөсүндө калтырганын айтса, кээ бирлери бул куракта мынчалык ачык кийинүү туура эмес дешти.