56 жаштагы кишинин бөйрөгүнөн 206 таш алышкан

Индиянын Хайдарабад шаарынын тургуну Веирамалл Рамалакшмайянын бөйрөгүнөн 206 таш чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал жарым жыл оорунун азабын тартып, оору басаңдатуучу дарылар жардам бербей калганда ооруканага кайрылган. Ооруканада ага текшерүү жүргүзүлүп, бөйрөгүндө таш бар экендигин аныкташкан. 1 саатка созулган операцияда анын бөйрөгүнөн 206 ташты алып чыгышкан. Учурда 56 жаштагы Рамалакшмайянын ден соолугу калыбына келип, чыдагыс оорудан айрылганы айтылат.