6 баласын шар сатып баккан жалгыз бой энеге беткапчан киши үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу да бир үй-бүлөгө жардам берди.

Видеодон 6 баланын энесин көрүүгө болот. Анын айтымында, аял 7 жылдан бери шар сатып, балдарын багат. Өзүнүн жүрөгү ооруйт, ал эми эң кичүү баласынын кант диабети бар. «Буюрганын сатам, бирде соода болот, кээде болбойт. Кичинекей балам ооруй электе күндүз да иштечүмүн. Мен балдарыма байлык бере албасам да, энелик мээрим берип жатам», — деди ал.

Беткапчан киши анын баласынын дарылануусуна акча жана үй белек кылды.