«6 күн дайынсыз болгон». Өспүрүм Бангладеште жашынмак ойноп, Малайзияга кетип калган

11-январда Бангладештин түштүк-чыгышындагы Читтагонг портунун аймагында 15 жаштагы Фахим оюн учурунда жүк ташуучу контейнерге жашынууну чечкен. Ал жерден кокустан ичине бекинип алып, чарчаганынан уктап калган.

Өспүрүм уктап жатканда, контейнер коммерциялык кемеге жүктөлүп, көп өтпөй Инд океаны аркылуу Малайзиядагы Куала-Лумпурга бет алган. Бул убакыттын ичинде ал сыртка чыгууга аракет кылып, бир эмес, бир нече жолу жардамга чакырган, бирок анын бардык аракеттери текке кеткен.

Фахим 6 күндөн кийин гана табылган. Анын абалы начар болчу, анткени бул убакыт бою ал тамак-ашсыз, суусуз темир кутуга камалып турган. Жигиттин дене табы көтөрүлүп кеткендиктен, аны жакынкы ооруканага текшерүү үчүн алып кетишкен.