Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтадан акыркы, 46-шахтердун сөөгү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов билдиргенин Tengrinews.kz. жазды.
«Азыр каза болгон 40 адамдын аты-жөнү такталып, 6 адамдыкы тактала элек. Алардын ким экендигин аныктоо үчүн керектүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. ДНК-анализи талап кылынат», — деди ал.
28-октябрда Караганда облусунда Костенко шахтасында жарылуу болгон. Казакстанда 29-октябрда Карагандадагы шахтадагы авариядан кийин улуттук аза күтүү күнү болду.