7 өспүрүмдүн ата-энеси балдарынын өлүмүнө күнөөлөп, ТикТок социалдык тармагын сотко берди

Челендждин айынан каза болгон 7 өспүрүмдүн жакындары ТикТок социалдык тармагын сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ТикТоктогу блэкаут-челлендждин айынан 7 өспүрүм каза болгон. Арыздануучулар социалдык тармактын жетекчилигин адамды өлүмгө жеткирген челлендждердин тароосуна каршы күрөшкөн эмес деп күнөөлөөдө. «ТикТок социалдык тармакка жүктөлүп жаткан видеолор көзөмөлдөлүшү керек. Жетекчилик адам өмүрүнө кооптуу челлендждер социалдык тармакка чыкпоосуна кепилдик кылышы зарыл», — деп жазылат арызда.

Блэкаут-челлендждин курмандыгы болгон 7 өспүрүм 10-14 жаштагы АКШ, Австралия, Италиянын тургундары болгон. Анын шарты боюнча, колдонуучу эс-учун жоготконго чейин дем албай турганын видеого тартуусу керек.