«70 миңден ашуун мал тоңуп калган». Ооганстанда сууктан каза болгондордун саны 157 адамга жетти

Ооганстанда аномалдуу сууктун кесепетинен кеминде 157 киши үшүктөн каза болду. Бул тууралуу CNN радикалдык талип кыймылынын өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, температуранын төмөндөшүнөн каза болгондордун саны бир жумада эки эсеге көбөйгөн. Талиптердин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы CNN телеканалына өлкө боюнча 70 миңдей мал тоңуп калганын айткан. 

Ооганстанда акыркы мезгилдеги эң суук кыш мезгилинин өтүп жатат. Январь айынын башында температура минус 28 градуска чейин төмөндөгөн.