Кытайдын түштүк-батышындагы Тибетте катуу жер титирөөдөн кеминде 53 киши мерт болду. Дагы 62 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлады.
Кырсык көптөгөн имараттардын бузулушуна алып келди. Жергиликтүү бийлик издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ресурстарды топтоп жатат. Маалыматтарга караганда, кайра жер титирөөнүн пайда болуу коркунучуна байланыштуу калкты эвакуациялоо жүргүзүлүүдө.
Жергиликтүү өрт-куткаруу тобу эпицентрге жакын жердеги адамдарды иликтөө жана куткаруу үчүн 1,5 миңден ашуун адамды жөнөттү. Маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн күчү 7,1 баллга жеткен.