71 жаштагы аял 18 жаштагы балага турмушка чыккан

АКШнын Теннесси штатында 71 жаштагы аял 18 жаштагы балага турмушка чыккан. Сүйүшкөндөрдүн окуясы тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Альмеда Хардвик болочок жолдошу менен 2015-жылы баласын акыркы сапарга узатуу салтанатында таанышкан. Ал кезде Гэри 17 жашта, Альмеда 70 жашта болгон. Экөө күн сайын көрүшүп, сүйүшүп, акыры Гэри ортодогу 53 жаш аралыкка карабай Альмеданын колун сураган. Гэри Хардвик 18 жашка толгондо сүйүшкөндөр баш кошушкан. Үйлөнүү-үлөт тойдон кийин ал жубайынын үйүнө көчүп келип жашап калган.

7 жылдан бери түтүн булатып келаткан түгөйлөрдө деле түшүнбөстүктөр болуп турат. Бирок алар бактылуу экенин айтышат.