72 жашында ак көйнөк кийип. Алматыда өзгөчө алтын той өттү

Алматыдагы реабилитациялык борборлордун биринде өзгөчө алтын той болуп өттү. 72 жаштагы Күлшара Бекетаевна турмушка чыкканына 50 жыл болгондон кийин биринчи жолу аппак көйнөк кийгенин Massaget.kz сайты жазды. 

Реабилитациялык борбордо Кулшара Бекетаевна жаткан бөлмөдө алты адам дарыланат. Ал 2-февралда чогуу жашагандарга жолдошу менен кантип таанышканын айтып берип, 3-февралда үйлөнгөнүнө 50 жыл толорун айткан. Бул кабарды уккан кошуналар тойду уюштурууга киришкен. 

Кулшара Бекетаевна быйыл 72 жашка толду. Ал эми жолдошу Абылкажы Удербаев 78 жашта. Алардын алты баласы, 10 небереси жана эки чөбөрөсү бар. «Оорукананын бөлмөсүндө баарыбыз окуябызды айтып жатканыбызда эртең жолдошум экөөбүздүн 50 жылдык мааракебиз болот десем, кыздар кызыгып, суктанып угушту. Бирок алардын дароо чечим чыгарып, той кылышарын билген эмесмин», — дейт Кулшара апа.