Нур-Султан шаарында 8-кабаттын балконуна асылып калган кызды астынкы кабаттагы кошунасы куткарып калды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 3 жашар кыз үйүндө ата-энеси менен болгон. Ал кантип балконго чыгып, асылып калганы белгисиз. Бактыга жараша, жумушка чыгып бара жаткан астындагы кошунасы балкондон асылып ыйлап турган кызды байкап калып, өмүрүн тобокелге салып, саналуу секунддарда кызды кармап калган. Ал жумушуна шашып бараткандыктан кызды 7-кабаттагы кошуналарына карматып коюп, ишине кеткен. Кийинчерээк анын аты-жөнү такталып, ал 36 жаштагы Сабит Шонтакбаев экендиги аныкталган.
Окуя коомчулукка тез тарап, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Экстремалдуу абалдагы эрдик үчүн» төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов анын кредитин төлөөгө, жумушка орноштурууга, айылда турган үй-бүлөсүн шаарга алып келдирип, балдарга бала бакча, аялына жумуш таап бергенге, үй сатып алууга жардам беришерин билдирди.