8-мартка карата Казакстанда сырттан дээрлик 10 миллион долларлык гүл сатып алынды

8-мартка карата Казакстандагы гүл сатуучулар тарабынан сырттан дээрлик 10 миллион долларлык гүл сатып алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Гүл базарларда жана дүкөндөрдө ажиотаж болуп жатат. Майрамдын урматына өлкөгө 9,5 миллион долларга бааланган 1341 тонна гүл же 24,6 миллион даана алып келинди. Анын ичинен эң популярдуусу — бул розалар. Гүлдүн ханышасы деп аталган 799 тонналык розалар 5,8 миллион долларга сатып алынган. Экинчи орунда хризантемалар турса, үчүн орунда гвоздикалар көп алып келинди», — деп жазылат маалыматта.