«80-100 миң доллар». Ханбийке Диананын кийимдери сатыкка коюлду

Julien’s аукцион үйү ханбийке Диананын 1981-жылы үйлөнүү тоюна чейинки сүрөткө түшүү учурунда кийген ачык кызгылт түстөгү көйнөгүн аукционго койду. Алар аны 80 миң доллардан 100 миң долларга чейин сатууну пландап жатышат. Бул тууралуу Juliens Live жазды.

Кийим дизайнерлер Дэвид жана Элизабет Эмануэл тарабынан тигилген. Маалым болгондой, аукцион 14-17-декабрь аралыгында Беверли-Хиллзде өтөт.

Ошондой эле анын дагы бир көйнөгү аукционго коюлуп, баштапкы баасы 50 миң долларды түзөт. Бирок уюштуруучулар аны 100-200 миң долларга сатууну пландап жатышат.