83 жаштагы яхтсмен Тынч океанды жалгыз кесип өттү

Япониялык яхтсмен Кэнити Хория Тынч океанын жалгыз кесип өткөн алгачкы улгайган адам болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

83 жаштагы Кэнити Хория 27-мартта 6 метрлик Suntory Mermaid III деген яхтасы менен Сан-Францискодогу порттон чыгып 8 жарым миң чакырым жүргөн. 4-июнь күнү ал Ички Япон деңизи менен Тынч океаны кошулган Хонсю жана Сикоку аралдарына келген.

«Үйгө аман-эсен жетип келгениме абдан кубандым. Мага колдоо көрсөткөн баарыңыздарга ыраазычылык», — деп билдирген Кэнити.

Маалыматка ылайык, Кэнити Хория 23 жашында да 3 ай аралыкта Тынч океанын жалгыз кесип өткөн. «Бул саякат мен үчүн чек эмес, 100 жашка чейин дагы уланта берем», — деген ал.