АКШнын Бостон шаарындагы стюардесса дүйнөдөгү эң улгайган стюардесса катары Гиннесс рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
86 жаштагы Бетт Нэш 1957-жылы стюардесса катары «Eastern Airlines» авиакаттамында ишмердердүүлүгүн баштап, кийинчерээк «American Airlines» компаниясына которулуп, азырга чейин ал жакта иштеп келет. Анын айтымында, карьерасынын басымдуу бөлүгүн Нью-Йорк — Бостон — Вашингтон каттамдарында өткөргөн. Бул каттамдар ага түнү келип ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын кароого ыңгайлуу болгон.
Гиннесс рекорддор китеби Бетти 1957-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келаткан дүйнөдөгү эң улгайган стюардесса катары тааныган. Мурункуга салыштырмалуу азыр стюардессалык кесипте талаптар жеңил болуп калганын айтат. «Илгери бой, салмак белгилүү бир стандартта болуш керек эле. Эгер бир аз салмак кошуп калсаң кечке таразага түшүп өзүңдү аңдый бересиң. Эгер андан ары семирип кетсең, жумуштан кетиришет болчу. Азыр америкалык авиацияда анчалык катуу талап жок», — дейт Бетт Нэш.












