9-10-мартта Жерди күчтүү магниттик бороон каптайт

2024-жылдын мартындагы эң күчтүү магниттик бороон 9-10-март күндөрү күтүлөт, аны дени сак адамдар да сезе алышат. Бул тууралуу «Известия» жазды.

15, 16, 21, 22-мартта орточо интенсивдүү геомагниттик термелүүлөр күтүлөт. Айдын акыркы магниттик бороону 27-28-мартта болуп, кан басымдын көтөрүлүшү жана жалпы ден соолуктун начарлашы күтүлөт.

Дарыгерлердин айтымында, магниттик бороон жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган, кан басымы жогору же төмөн болгон адамдарга таасир этиши мүмкүн.