«9 адамдын сөөгүн көтөрүп чыктык». Ооганстандагы мектептеги жардыруудан 19 адам көз жумду

Ооганстандын борбору Кабулда билим берүү борборундагы жардыруудан кеминде 19 адам набыт болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. 

Кабул полициясынын басма сөз катчысы расмий түрдө каза болгондордун саны 19, жараат алгандар 27 экенин билдирди. Анын айтымында, кол салуу экзамен өтүп жаткан жеке репетитордук борбордо болгон. Белгиленгендей, Ооганстанда мектептер адатта жума күндөрү жабылат. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук уюм өзүнө ала элек.

Гүлм Садик аттуу жергиликтүү тургун үйүндө жүрүп, катуу үндү угуп, сыртка чыгып, аталган борбордон түтүн чыгып жатканын көрүп, кошуналары менен жардамга шашылганын айтты. «Мен досторум менен жардыруу болгон жерден 15ке жакын жарадарларды жана 9 адамдын сөөгүн чыгара алдык, башка сөөктөр класстын ичиндеги отургучтардын жана үстөлдөрдүн астында жатты», — деди ал.