Санкт-Петербурдун 9 жаштагы жашоочусу Милла Илларионова Орусиядагы эң бийик Эльбрус тоо кыркасын багындырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кыздын атасы альпинизм боюнча спорт чебери жана инструктор болуп эмгектенет. Алгач аны 9 айында ата-энеси Непалга алып чыгышкан. «Кызыбызды рюкзакка салып алып 3800 метр бийиктикке чейин чыкканбыз. Ал айлана-тегеректи кызыгып карап, ыйлаган да эмес», — деп эскерген апасы. Жаш альпинист 7 жашында Аргентинадагы Мерседариов тоосунун 6720 метр бийиктигине чыгып, рекорд жараткан. Бирок ал расмий катталбай калган.
Быйыл Мила Илларионова 2-классты аяктаган соң 5642 метр бийиктиктеги Эльбрус тоо кыркасын багындырды. Чокуга чыгарда катуу шамал болуп, айрымдар чочулап артка кайтышкан. 5 адам, алардын арасында жаш альпинист жана атасы жолун улантышкан. «Алар түнү жүрүштү — бул ого бетер абалды оорлотот. Катуу шамал тоскоолдук кылып жатты. Бирок алар кайтуу тууралуу ойлошкон жок. Тоого чыгып, кайра түшүүгө жалпы 12 саат кетти. Мага кабарды айтышканда чоң жүктөн арылгандай болдум. Кызымдын кубанычында чек жок болчу», — деген апасы.
Кыздын бул рекорду расмий каттала элек. Бирок спортчулардын үй-бүлөсү рекорддор китебине катталуу үчүн билдирме калтырышмакчы. Жаш альпинист жаңы бийиктиктерди багындырууну пландоодо.